Бишкек.15.05.2019.Govori.TV.
Мурунку саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева камакка алынды. Аны милиция кызматкерлери Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу кармашкан. Бул тууралуу акипресс маалымат агенттиги жазды.
Эске салсак, кечээ Д.Сагинбаева аталган ишке байланыштуу суракка чакырылганы белгилүү болгон.
Буга чейин аталган кылмыш иш боюнча 5 дарыгер кармалып, алардын үчөө СИЗО-1 мекемесине киргизилген болчу.
Башкы прокуратура Азиз Батукаевдин жаза мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишин козгогон.