Бишкек.14.05.2019.Govori.TV.
Мыйзамдагы ууру атыккан Азиз Батукаевдин жаза мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна байланыштуу кылмыш иш боюнча күч органдары тарабынан мурунку саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева суракка чакырылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Мааалыматка ылайык, Сагинбаев бир нече сааттан бери сурак берип жатат. Анын камакта калтыруу же калтырбоо чечими азырынча чыга элек.
Буга чейин аталган кылмыш иш боюнча 5 дарыгер кармалып, алардын үчөө СИЗО-1ге киргизилген.
Эске салсак, оор кылмыштар үчүн соттолгон Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн.
Быйыл 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин суроосуна жооп берип жатып Батукаевдин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын билдирген.