Бишкек.14.05.2019.Govori.TV.
Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгып, Чеченстанга учуп кетиши катардагы мыйзам бузулган окуя эмес эле. Батукаев түрмөдөн чыгар менен Россияга учуруу планы алдын ала түзүлгөнү айтылып келет. Ал үчүн түрмөдө отурган Батукаевге паспорт жасап беришет. Мыйзам боюнча түрмөдө отурган адамдарга паспорт берилбейт. Мындан улам Азиз Батукаевге паспорт берүүдө мыйзамдар кандай одоно бузулган, алардын бири катары паспорт иш күнү эмес дем алыш күнү берилгенин айтсак болот.
Эске салсак, оор кылмыштар үчүн соттолгон Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн.