Бишкек.03.05.2019.Govori.TV.
Криминалдык авторитет Азиз Батукаевге рак диагнозун коюуга шектелип бир онколог жана лабораториянын бир кызматкери кармалганын айрым маалымат каражаттары жазып чыкты.
Ал эми бул тууралуу маалыматты ИИМ тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.
Эске салсак, Азиз Батукаевди 2006-жылдын 3-августунда Аламүдүн райондук соту 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Кылмышкер катуу тартиптеги колонияда жаза өтөп, мындан тышкары, мүлкү конфискацияланган. 2013-жылдын 9-апрелинде Батукаев оор илдетине байланыштуу мөөнөтүнөн мурда бошоп, Кыргызстандан чыгып кеткен. ИИМдин маалыматы боюнча ушу тапта «курал-жарак сактаган» деп айыпталып Чечен Республикасынын абагында отурат.
Криминалдык авторитет боюнча иш кайра жанданганын 17-апрель күнү башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттарга отчет берип жатып айткан. Ошол учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеп турган азыркы депутат Зарылбек Рысалиев да суракка чакырылары маалым болгон.