• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Батуми » кафесинин бузулушу. Вице-мэр Орунтаев УКМКга алынып келинбегенин айтты

25 Бугу 2023 21:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгына жеткирилди. Бул тууралуу Kaktus.media өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда Нурдан Орунтаев УКМКда сурак берип жатат.

Бирок Орунтаев Govori.TVга суракка жеткирилбегенин жана эч жакка чыкыртылбаганын айтып, бул маалыматты четке какты.

Эске салсак, бир күн мурун борбор калаанын Жал кичи районунда шаардык кызматтар «Батуми» кафесин бузушкан. Кафе Тыналиев көчөсүндө жайгашкан, анын жалпы аянты 1,3 миң чарчы метрди түзгөн.

Мэрия кафенин бузулуусу мыйзамдуу болгонун билдирсе, «Батуминин» ээси кафеси мыйзамсыз бузулганын айтып арызданган.

Ал эми бүгүн окуя болгон жерге президенттин тапшырмасы менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев барып, кырдаалды жөнгө салуу боюнча атайын кызматка тапшырма берген.

Количество просмотров: 171