• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

«Батумини» буздурган Орунтаев ишкерлер менен жолукту

6 Кулжа 2023 17:05 Бишкек Govori.TV

Октябрь администрациясында борбор калаанын мэринин орун басары Нурдан Орунтаевдин катышуусунда Манас — Чыңгыз Айтматов проспектиси жана Жусуп Абдрахманов — Байтик Баатыр көчөлөрү боюнча иш алып барган ишкерлер менен жолугушуу өттү.

Мэриядан билдиришкендей, жолугушууга Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев, Бишкек мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев катышты.

«Кирүүчү топтордун, көрнөк-жарнактардын жана башкалардын бирдиктүү дизайны жөнүндө маселени талкууланды. Шаардыктар сунуштарын, суроолорун беришти. Чогулгандардын суроолоруна мэрдин орун басары жооп берип, өз алдынча чарбалык курулуштарга жана чатырларга жол бербөө боюнча жеринде тактоолор да берилди»,-деп жазылат маалыматта.

Бул багытта иштер уланып жатканы кошумчаланды.

Эске салсак, буга чейин ишкерлер вице-мэр Нурдан Орунтаев менен жолугушууга келбей коюшкан.

Количество просмотров: 140