• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Батуминин» бузулушу: Вице-мэр Орунтаев кызматтан кетеби?

30 Бугу 2023 15:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында вице-мэр Нурдан Орунтаевге депутаттар суроо берип, «Батуми» кафеси боюнча иши козголгондон кийин кызматтан кетээр, кетпеси тууралуу кызыгышкан.

Вице-мэр тергөө органдарынын чечимине эч ким комментарий берүүгө укугу жок экенин, ал эми кызматтан кетеби, кетпейби, аны депутат чече албай турганын айтып жооп берген.

«Бул менин жеке чечимим болот. Ал эми мындай чечим болсо, бул тууралуу биринчилерден болуп билесиңер», — деди ал.

Ошондой эле жыйында депутаттардын бири кафенин ээсине зыяндын ордун толтуруп берүү үчүн 3 миллион сомду каяктан аларын сурады.

Ал эми Орунтаев учурда тергөө жүрүп жаткандыктан бул суроого жооп бербесин билдирди.

Ошондой эле вице-мэр акчаны төлөөгө макул болдубу же жокпу деген суроого да жооп берүүдөн баш тартты.

Эске сала кетсек, Нурдан Орунтаевге «Батуми» кафесин бузууда кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 90