Бишкек.17.01.18.Govori.TV
Популярдуу реп ырчысы Баястан жакында жаңы клип тартат. Бул туурасында бийчи, хореограф Баги Айтманбетова инстаграм баракчасына жазды.
“Баястан учурда жаңы альбомун чыгарам деп камынып жүргөн кези. Азырынча кайсы ырына клип тартып жатканы купуя сыр боюнча сакталып турсун. Бул клип альбомундагы жаңы ырына тартылат. Буйруса ушул жуманын аяк ченинде клипти тартуу процесстери башталат”-дейт иш чаранын уюштуруучусу Арман. Белгилей кетсек Баястандын “Ким жетсин?”, “Теке”, “Баары эми башталат”, “Жарашат” ж.б. ырлары бар.