• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Байсаловдун иликтөөсүнө КСДП эмне деп жооп берди

4 Чын куран 2018 16:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.04.2018.Govori.TV

КСДП Байсаловдун иликтөөсүнө комментарий берүүнү туура көрбөйт.  Бул тууралуу Кыргызстандагы социал-демократтар партиясынын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка»  билдирген. Ал Байсаловдун иликтөө жана башка сөздөрүнө партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаевдин 31-мартта маалымат жыйынында айткан сөздөрү менен гана жооп болорун билдирген.

Маалыматта «Биз Байсаловдун видеосун көрүп чыктык. Ага курултайдан кийинки Алмазбек Атамбаевдин сөзү менен гана жооп кылмакчыбыз. Сиз деле билесиз, Алмазбек Шаршенович курултайдан кийинки маалымат жыйынында «мен Эдил Байсаловду окугандан жийиркенет элем, анын айткан сөздөрү базарда да айтылбайт» деп айтпадыбы. Башка комментарий жок. Биз Эдил Байсаловдун айткандарын комментарийлөөнү туура эмес деп эсептейбиз» -деп жазылган.

Эске сала кетсек, коомдук ишмер Эдил Байсалов интернетке экс-президент Алмазбек Атамбаев тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда Атамбаевди коррупцияга айыптап, анын көмүскө достору тууралуу маалыматтарды келтирген.

Анда коомдук ишмер, саясатчы Эдил Байсалов өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасына «Алмаз Атамбаевдин 11 досу» деп аталган видео тасманы жарыя кылган. Анда автор экс-президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы  өзүнүн менчиги болгон «Форум» компаниясынын уставдык документтерине өзгөртүү киргизилип,  компаниянын ээлеринин катарына Пархати Субихи аттуу 26 жаштагы бир «балакай» кошулганын айтат. Экс-президенттин 90-жылдардын башында негиздеген «Форум» ишканасынын кожоюндарынын бири болгон бул «балакай» ким деген автор андан ары өтө кызыктуу маалыматтарды таап чыгат. Аягында Эдил Байсалов «экс-президент буга убакыт таап, жаңы достору тууралуу жооп берет деп ишенем»,-деген.

Количество просмотров: 16