• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Базар-Коргондо 15 жер тилкеси мыйзамсыз берилип, мамлекетке 24 млн. сомдон ашык зыян келтирилген

15 Тогуздун айы 202411:41 Бишкек Govori.TV

Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Базар-Коргон шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Арстанбап айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын кызмат адамдары тарабынан 2006-2019-жылдар аралыгында суу коргоо зонасында жайгашкан 15 жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Базар-Коргон шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Арстанбап айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке жана жеке жактарга 24 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 117