• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Таластан 20 млн сомдон ашык суммага бааланган жер мамлекетке кайтарылды

18 Бештин айы 202420:21 Бишкек Govori.TV

КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргон айылында жайгашкан 59,0 га алма бак мамлекеттин менчигине кайтарылды. Анын болжолдуу баасы 20 млн. 650 мин сомду түзөт.

Сотко чейинки өндүрүштүн жыйынтыгында, 2004-жылдан азыркы учурга чейин аталган алма бак өз багытында пайдаланылбай келгендиги аныкталып, жер тилкени мыйзамсыз пайдаланып жүргөн жаран, жер мыйзамдарын бузгандыгын мойнуна алып, өз ыктыяры менен жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарып берген. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Количество просмотров: 154