Базар-Коргондо эки окуучу кызды унаа сүзүп, бири каза болду
Базар-Коргондо эки окуучу кызды унаа сүзүп, бири каза болду
27 марта 2018 в 16:57 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.03.2018. Govori.TV
Базар-Коргон районунда эки окуучуну унаа сүзүп, бири ооруканага жетпей каза болду. Бул туурасында Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү билдирди.
Маалыматта «26-март күнү Бай-Мундуз айылында 22 жаштагы айдоочу ВАЗ 2107 автоунаасынын рулун башкара албай, жол четинде бараткан эки окуучу кызды сүзүп кеткен. Анда окуучунун бири ооруканга жетпей каза болгон. Экинчиси жандандыруу бөлүмүндө жатат» -деп жазылат.
Учурда окуяны тергөө тобу териштирүүдө.
Белгилей кетсек, каза болгон кыз да, жабыркаган кыз да №22 Камал Тагаев атындагы мектепте 7-класстын окуучулары.