Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында мал сарай 300 түк чөбү менен кошо өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Базар-Коргон шаарындагы Мырзалиев көчөсүндө жыгач устундуу шифер менен жабылган аянты 50 чарчы метр болгон мал сарайдын чатыры жана 300 түк чөп толугу менен күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 06:13 курчоого алынып, саат 06:55 толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.