• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Базар-Коргондо сел жүрдү

15 Бугу 20239:06 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусундагы сел каптаган аймактарда тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 14- май күнү саат 02:30 чамасында Базар-Коргон районунда жаандан улам Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Карача айылында сел жүргөн. Селдин кесепетинен Ат-Кол чегинен түшкөн суу агындылары арыктан ашып, 15 турак үйдүн короо сарайларына кирген.

Жабыркагандар жана кыйроолор жок. Жеринде айыл өкмөт кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүүдө. Базар-Коргон райондук куткаруучулар тарабынан короого толуп калган сууларды тазалоо иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 68