Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты эт сатуучулардан акча опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 14-июль күнү милицияга К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, быйыл январь айынан баштап, Орто-Сай базарында бир жаран «Эт» бөлүмүнүн башчысы болом, сатуучулар тапкан акчанын бир бөлүгүн бериши керек, болбосо соода орундарынан ажыратам деп коркутуп, акча алып жүргөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (акча опузалоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
«Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1987-жылы туулган А.А. аттуу жаран акча алып жатканда кармалды. Ал Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты экендиги аныкталды. Шектүү адамдын жашаган жерин тинтүү учурунда уруксат берүүчү документтери жок, такталбаган үлгүдөгү курал-жарактар жана акча каражаттары табылган. Бардык керектүү экспертизалар дайындалган», — деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ жарандарды 0500 151 111 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.