• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Базардагы соодагерлер ККМге эмне үчүн каршы?

5 Бештин айы 2023 15:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-декабрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарынын соодагерлери менен президент Садыр Жапаров жолугушууга барды. Анда Жапаров топтолгон соодагерлердин арыз-дооматтарын укту.

Жыйында сөз алган ишкер президентке кайрылып, ККМге эмне үчүн каршы болуп жатышканын айтты.

«Урматтуу президент! Патент, КММ жана башка нерселер боюнча көп сөздөр айтылып жатат. Бирок биз эмне үчүн ККМге жана атайын салык режимине каршыбыз? Анткени дал ушул ККМ жана ушул эле өзгөчө режим ишкерлердин ишине бут тосот. Ал жерде 4, 8, 10 же 15 миллион айлантам деп алдын-ала тандап алуубуз керек. Бирок, бизге ошол жылы ошончо суммага соода кылабыз деп ким кепилдик берет? Ким ККМден айланган акча 8 миллионбу, 10 миллионбу бул киреше деп кепилдик берет? Ал жерде калдык деген нерсе бар, товар кечигип келүү деген нерсе бар, анын сезону 15 күндүк же 1 айлык»,- деди ишкер.

Ал ишкерлер салык реформасына каршы эместигин, бирок башка деңгээлден баштоо керектигин айтты. Мисалы, бажыда ачык-айкындуулук менен.

Количество просмотров: 64