Японияда өтө турган оюндарга бара турган Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын параддык формасы коомчулукка көрсөтүлгөн.
Форманын даярдалышы бюджеттен каражат короткон жок, демөөрчү Улуттук Олимпиада комитети болду.
«Форманын жасалгалоосуна кыргыз жана жапон колорити кошулган. Бир комплекттин баасы 95 миң сомду түзгөн. Ага куртка, бут кийим, баш кийим, кыздар үчүн көйнөк, жоолук жана башкалар кирет”, — деди комитеттин баш катчысы Саламат Эргешов.
Соцтармактарда курама команданын формасынын баасы жана ошондой эле көрүнүшү талкууга алынды.