Бишкек. 08.02.2019. Govori.TV.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары алмашты. Бул тууралуу маалыматты ведомстводон тастыкташты.
Билдирмеге караганда, биринчи орун басарлык кызматка Султан Мамасадыков дайындалды.
Тийиштүү буйрукка кол коюлган-коюлбаганы азырынча айтыла элек.
Белгилей кетсек, Султан Мамасадыков 2017-жылдары Борбордук бажы кызматын жетектеген. Кийин анын ордуна Ким Ин Сен келген.