• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бажычы Нурбек Айтмаматов камакта калды

14 Кулжа 2021 15:38 Бишкек Govori.TV

Түштүк-батыш бажысынын жетекчиси Нурбек Айтмаматов10-августка чейин камакта болот. Мындай чечимди 12-июнда Биринчи май райондук соту чыгарган.

Маалыматка ылайык, Айтмаматов УКМКнын абагында камакта болот.

Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-батыш бажысынын башчысы Н.П.Айтмаматов УКМК тарабынан 9-июнда кечинде кармалганы белгилүү болгон. Ага Жазык кодексинин 323-беренеси (Мыйзамсыз баюу) менен айып тагылууда.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Н.Айтмаматов өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, Түштүк-батыш бажысындагы коррупциялык схемаларды уюштуруп, олуттуу киреше алып турган. Н.Айтмаматов кылмыштуу кирешелерин мыйзамдаштыруу үчүн болжол менен 4,5 миллион долларга бааланган 30дан ашык элиталык батир, жалпы баасы 1 млн долларга бааланган ондон ашык унаа алган. Көмүскө кирешенин бир бөлүгүн «К.С.И.» жана «Р.К.» курулуш компаниялары аркылуу мыйзамдаштырып келген.

Количество просмотров: 95