• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Бажыда 6 айда 700 мыйзам бузуу

10 Теке 201911:47 Бишкек Govori.TV

2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын укук коргоо бөлүнүштөрү тарабынан бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 743 факт табылган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алардын ичинен:

-бузуулардын бирдиктүү реестринде – 623 факт катталды, бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 102 фактыга көп. Айып санкциялары жана товарлардын наркы – 4,3 млн. сом суммасына өндүрүлдү.

Бажы төлөмдөрү – 65,4 млн.сом суммасында төлөндү.

-кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде – 120 факт катталды, бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 25 фактыга көп.

Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине келтирилген зыяндын орду – 31,5 млн. сомго толтурулду. Өлкөнүн мамлекеттик бюджетине кошумча түшүүлөрдүн суммасы – 101,2 млн. сомду түздү.

Количество просмотров: 12