• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бажыдан 7 жылда 70 миллиард сом жоголгонбу?

16 Жетинин айы 2018 17:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.11.2018. Govori.TV
Республикалык бюджетке 7 жыл катары менен Бажы тармагынан  10 миллиард сом түшпөй келген. Быйыл ошол каражат казынага кошулганына байланыштуу бюджеттин таңкыстыгы 2 эсеге азайганын депутат Акылбек Жапаров айтып чыкты.
Жыл сайын 10 миллиард сомдон казынага кошулбаган каражаттын эсеби 7 жыл ичинде 70 миллиардга сомго жетти. Буга чейин бул акчанын эсеби суралбай келген. Бүгүнкү күндө тиешелүү орган бул маселеге көңүл буруу керектигин айтат Акылбек Жапаров.
Мурунку убактарда Бажы тармагы декларацияны башкача толтуруудан улам ушундай жыйынтык болуп калышы мүмкүн. Кантсе дагы дагы бул жерде мыйзам бузуунун белгилери бар деген оюн айтты экономист Кубан Чороев.
Бул туурасында Башкы прокуратура Бажы кызматына 8 кылмыш ишин козгоп, 100 миллиондон ашык бюджетке зыян келгенин айтып, Акылбек Жапаров айткан маселе боюнча так маалымат бере алган жок.

Количество просмотров: 9