Бишкек. 22.05.2018. Govori.TV
КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын орун басары алмашты. Бул тууралуу өз булактарыбыз билдирди.
Анда белгилүү болгондой, Өкмөт башчынын буйругу менен Бажы кызматынын төрага орун басары Жеңишбек Исаков кызматынан алынып, ордуна мурда ушул кызматта иштеп кеткен Шамил Бердалиев дайындалган.
Эске сала кетсек, ушу тапта мурдагы орун басар Раим Матраимов да ээлеген кызматынан мыйзамсыз алынганы үчүн Өкмөт менен соттошуп жатат.