• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

Бажынын төрагасы: Матраимов, УКТ менен байланышы бар 58 кызматкер иштен алынды

6 Бештин айы 202314:45 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик бажы кызматында Матраимов жана уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар 58 кызматкер иштен алынды. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.

Исабеков тиешелүү ыкчам-иликтөө иштери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте жүргөнүн айтты.

«Иштен алынган кызматкерлердин арасында төраганын орун басарынан тартып башкы тескөөчү, бөлүм башкы жана башка негизги кызматтарды ээлеген кызматкерлер бар», — деди ал.

Количество просмотров: 99