• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бегалиев: Айсулууну миллион төлөйм деген коңшу өлкөлөргө кетирбей, кармап калышыбыз керек

8 Үчтүн айы 2020 18:54 Бишкек Govori.TV

Айсулууну миллион төлөйм деген коңшу өлкөлөргө кетирбей, кармап калышыбыз керек. Бул тууралуу грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандын курама командасынын мурдагы башкы машыктыруучусу, Пекинде өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын жеңүүчүсү Канат Бегалиев Govori.TVга берген маегинде билдирди.

Айсулуу бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң күчтүү айым болду. Ал спортту таштагандан кийин аны таарынтып, кетирип ийбешибиз керек. Андан суранып, өзүңө окшогон 4-5 кыз тарбиялап берүүсүнө шарт түзүү керек. Аны ошол эле коңшу өлкөлөр миллион төлөп, «машыктыруучу болуп, биздин кыздарды тарбиялап чыгарып бер» деп алып кетиши мүмкүн. Аны кетирбей кармап калуу керек», — деди Бегалиев.

Количество просмотров: 4510