“Легендарлуу парламенттин” депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Бегиш Аматов 26-сентябрда 75 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Бегиш Аматов 1949-жылы Ош облусунун Алай районуна караштуу Көңдүк айылында туулган. 1966-жылы зооветеринардык техникумду аяктап, андан кийин айыл чарба институтун бүтүргөн.
Бегиш Аматов коомдук, саясий иштерге жигердүү аралашып, 1990-1994-жылдары эл арасында “легендарлуу парламент” деп аталган Кыргыз ССР Жогорку Советинин XII чакырылышынын депутаты болгон. 1991-жылдын 31-августунда алгачкылардан болуп, Кыргызстандын көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны кабыл алуу демилгесин көтөргөн адамдардын бири.
Кыргызстандын тарыхы, Конституциялык реформалар тууралуу пикирин билдирип келген.