• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Бейбаштыкка шектелип УКТ мүчөсү кармалды

8 Бештин айы 2023 15:27 Бишкек Govori.TV

Бейбаштыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жыл 1-декабрында саат 22:00 чамасында Бишкек шаарынын Турусбеков көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде 25-30 жаштагы жаран Б.С. аттуу аял менен уруша кетип, атлган аялга жана уулу С.А.га кол салып, денелерине залал келтирүү менен окуя болгон жерден качып кеткен.

Окуя боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыштуу топтуп активдүү мүчөсү болгон, мурда бир нече жолу соттолгон 1995-жылы туулган жаран Д.А.га издөө жарыяланган. 2023-жылдын 7-декабрында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Аламүдүн районундагы сарайлардын биринде 1995-жылы туулган жаран Д.А. кармалып, тергөө органдары тарабынан убактылуу кармоо жайына камалды. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 205