• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бейшеналиев: Кавасаки синдрому 16 баладан тастыкталган

10 Бирдин айы 2021 11:46 Бишкек Govori.TV

Ушул жылдын башынан бери Кыргызстанда балдар арасында Кавасаки синдрому каттала баштады. Ушул күнгө чейин жалпы 28 балада оорунун белгилери бар деген шек жаралып, алардын ичинен 16 баладан тастыкталган. Бул маалыматты саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Өлкөдө бул оорудан көз жумгандар жок.

«Эртең менен Кавасаки синдромун дарылоо боюнча жыйын өткөрдүм. Дарылоонун алгоритми иштелип чыккан. Негизинен COVID-19 вирусунан кийинки абал боюнча. Балдар гана эмес чоңдор арасында да COVID-19 менен ооруп, сакайгандан кийин ооруканага кайрылгандар көп. Вирустан айыккандан кийин дарылоочу реабилитациялык борбор ачуу маселеси бар», — деди министр.

Количество просмотров: 179