• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бейшеналиев: Кыргызстанда коронавирустун мутацияланган жаңы түрү жок

29 Жалган куран 2021 10:28 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирустун мутацияланган жаңы түрү жок.Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 29-мартта брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 илдети узак убакытка келди.

«Коронавирус илдети бизге 2-3 жылга келди. Вирус дагы жашагысы келип, Нидерландда, Данияда жана Австралия өңдүү өлкөлөрдө COVID-19дун жаңы түрлөрү аныкталды. Биздеги анализдерди Орусияга жөнөтүп жатабыз. Кыргызстанда коронавирустун мутацияланган жаңы түрү жок. Таажы илдетин жеңиш үчүн биз вакцина алышыбыз керек»-деди министр.

Количество просмотров: 32