Бишкек.08.03.2019.Govori.TV.
Элдик парламент» коомдук кыймылдын лидери Бекболот Талгарбеков абактан бошотулду. Бул тууралуу анын жактоочулары билдирди.
Ал 7 март түнү шарттуу түрдө бошотулганы билинди.
Маалыматта, Бишкектин Аламүдүн райондук соту Талгарбековду мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу чечимин кечээ кабыл алган. Ал жазасынын 4,5 жылын өтөп бүтүп, дагы жарым жылы калган
Талгарбеков 299-берене боюнча беш жылга кесилип, анын 4,5 жылын абакта өткөрдү. Калган 1,5 жылын эми ал шарттуу түрдө абактан сырткары өткөрөт.