• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Бекболсун Бөрүбашев: «Парламент тарап, шайлоо болушу мүмкүн»

12 Бештин айы 2017 11:45 Бишкек Govori.TV
2018-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо болушу мүмкүн. Бул тууралуу коомдук ишмер, юрист Бекболсун Бөрүбашев «Кырк уруу кыргыз жети дубан» элдик бирикмесинин жыйынында айтты.
«Шайлоодон кийин өлкөдөгү саясий абал басаңдаган жок, тескерисинче интрига күч алууда. Мындай абалда келе жаткан жылы парламент тарап, күзгө барып шайлоо болушу мүмкүн»,-деди Б.Бөрүбашев.
Анын айтымында, президент Сооронбай Жээнбеков тегерегиндегилердин саясий интригасына батып кетпей, баштаган жолун таза жана адилеттүү алып кетиши керек. Белгилей кетсек, бүгүн өлкөнүн жети дубанынан келген активисттер атайын кыймылдын алдына биригип, президентке көп багыттуу кайрылуу жолдошту.
Количество просмотров: 6