Бишкек шаарындагы Дордой конушунда 570 орундуу мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Бүгүнкү күндө имараттын экинчи кабатынын колонналары орнотулууда.
Мектептин жалпы аянты 1810 чарчы метрди түзөт. Анда окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар каралат.
Долбоор конуштагы мектеп тартыштыгын жоюуга жана социалдык инфратүзүмдү жакшыртууга багытталган.