“ЖЭБди реконструкциялоо туурасындагы келишимден химцехтин «уурдалып» кеткени жөнүндөгү калптын чоо жайы да өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. 2014-жылы ЖЭБдин мурдакы жетекчилиги өзү жаңы химцехти куруунун зарылчылыгы жок деп туруп алган. 17-жылдын июлунда, кыйроо болоордон жарым жыл мурда гана «Электр станциялары» ААКнын өкүлдөрү ТВЕАнын өкүлдөрү менен биргеликте химиялык суу тазалоо цехин куруу керектиги жөнүндө чечим кабыл алышкан. Мындайча айтканда, кадыресе шалакылык жана иштин көзүн билбегендик ачык көрүнүп турат” , — дейт Атамбаев.