• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Бекешев: Биз өзүбүз ЛГБТны пропаганда кылып жатпайбызбы

13 Жалган куран 201913:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.03.2019.Govori.TV.

Депутат Дастан Бекешевдин 8-марттагы митингди парламентте талкуулабай коюу тууралуу сунушун берип, бирок көпчүлүктүн колдоосун тапкан жок.

«Биз муну талкууласак уят эле го. Өзгөчө кырдаал эмес да. Эл аралык деңгээлде уят болобуз. Жөн гана коомду чакырыш керек, «​андай кылбагыла, бул жаман нерсе экен» деп. Ушул теманы талкуулап биз өзүбүз ЛГБТны пропаганда кылып жатпайбызбы», — деди эл өкүлү.

Эске салсак, 8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик маршы өткөн. Акцияда кыз-келиндердин укуктарын жактаган, феминисттик көз караштардан тышкары жыныстык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон.

Бул тууралуу парламент жыйынында ЖК депутаты Ж. Мусабекова УКМК, ИИМди чакырып, түшүнүк угуу талабын койгон.

Количество просмотров: 14