• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бекешев Мадумаров боюнча: Чечим «ошол жакта» кабыл алынганы өкүнүчтүү

22 Кулжа 2023 12:31 Бишкек Govori.TV

Депутат Дастан Бекешев Твиттердеги баракчасына Адахан Мадумаров кол тийбестик макамынан ажыратыла тургандыгын жазды.

«Мындай чечим «ошол жакта» кабыл алынганы өкүнүчтүү. Президентке же анын айлана-чөйрөсүнө коркунуч келтирген бир дагы депутат жок. Андай коркунучту ашыра мактагандар же тымызын отурган экстремисттер жаратат», — деп жазды Бекешев.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде түзүлгөн депутаттык комиссия корутунду чыгарат.

Саат 13:30да Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинде аталган маселе каралып, андан соң пленардык жыйынга алып чыгышат.

Пленардык жыйында көпчүлүк депутаттардын добушу менен убактылуу комиссиянын корутундусу жактырылат, же четке кагылат.

Количество просмотров: 245