Укук коргоо органынын кызматкерлери кошумча айлыктан баш тартышпаганын айтышууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
«Өткөн аптада өкмөт башчы укук коргоо органдары кошумча айлыктан баш тартып жатканын айтты.Кошумча акчадан эч ким баш тарткан эмес деп жатышат. Алар өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал режими башталгандан бери күн-түндөп, эс алуу күндөрү да тынбай иштеп жатышканын билдиришти», — деди депутат Бекешев.