• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бекешев президент Жапаровдун комментарийине жооп берди

4 Жалган куран 2021 20:37 Бишкек Govori.TV

Депутат Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровдун комментарийине жооп берди. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

Эл өкүлү «Мен көзүм сокур болсо да, көөдөнүм сокур эмес» деген жазуусу бар толстовка кийип түшкөн сүрөтүн жарыялап, жооп кайтарам Садыр Жапаров деп жазган.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге карата мазактоочу комментарий мамлекет башчынын Фейсбуктагы баракчасынан жарыяланган.

Буга жооп берген президенттин басма сөз катчысы билдирүү таратып, өлкө башчысынын жеке баракчасы белгисиздер тарабынан бузулганын айткан.

Количество просмотров: 268