• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бекешев президенттин аппаратынын кызматкерлерине чара көрүүнү айтып, прокуратурага кайрылды

20 Жетинин айы 2020 17:41 Бишкек Govori.TV

Депутат Дастан Бекешев президенттин аппаратынын кызматкерлерине чара көрүүнү сунуштап Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу эл өкүлү өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Бекешев кызматкерлер мыйзам чыгаруу процессине кийлигишкенин жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланганын айтып, башкы прокурор Курманкул Зулушевге аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин кароону сунуштады.

«Конституциянын жаңы редакциядагы долбоорун изилдей келгенде мыйзам долбоор президенттин аппараты, тагыраагы, Бектур Зулпиев (аппарат жетекчинин орун басары) тарабынан даярдалганы аныкталды», — деп жазган Бекешев.

Количество просмотров: 324