• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сот Жолдошованын арызын канаттандырган жок

11 Бештин айы 202515:28 Бишкек Govori.TV

11-декабрда Бишкек шаарынын Административдик соту шайлоодо №8 округдан аялдардан алдыга чыгып, мандат албай калган Жылдызкан Жолдошованын арызын карап, анын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу өтүнүчүн канаттандырган жок.

Жолдошова бул чечимге байланыштуу журналисттерге комментарий берип, Жогорку сотко даттана турганын айтты.

Мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодон кийин айрым добушканалардагы ыктымал добуш сатып алуу учуру тартылган видеолордун негизинде аймактык шайлоо комиссиясы №8 округдагы №5249 жана №5514 тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган.

Количество просмотров: 129