«Референдум дайындоо боюнча мыйзам долбоору 2-3-окуудан өтөт», — дейт депутат Дастан Бекешев.
«Негизи мыйзам боюнча биринчи окууда дагы жыйынтыктар жокко чыгарылыш керек, 1-окуудан дагы бир окуудан өтүүсү керек. Тилекке каршы биздин төрагабыз айтып жатат мыйзам чегинде бүт баары болду деп, бирок депутаттар бири-бирине добуш бергени тууралуу видео бар, баарыбызга бул белгилүү. Бүгүн да ушундай болмок, журналисттер келип тартып жатышкандыктан добуш берүү болгон жок. Менин оюмча экинчи, үчүнчү окуу эртең өтөт», — деди Бекешев.
Эске салсак, бүгүн, 10-мартта депутаттар 7 маселени карап, добуш беришти. Бирок парламенттин төрагасы Талант Мамытов референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун добуш берүүгө койгон жок.