Маалымат доорунда журналисттер менен ынтымакта болуш керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
«Эгерде туура эмес жаңылык жазышса басма сөз кызматы же социалдык тармактар аркылуу чындыкка дал келген маалыматтарды беришсе болмок. Мисалы, ошол эле Kaktus.media боюнча эл аралык тажрыйбаны окудум, кабарды көчүрүп жарыялаган учурда демократиялык өлкөлөрдө иш козголбойт. Албетте, башка чаралар дагы бар. Ал эми укуктук баа берүү боюнча тергөө аракеттеринин жүрүп жатканы сөз эркиндигине болгон басым»,-деди Бекешев.