• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бекматов: Шайлоо үгүт иштери бүгүндөн тарта старт алып, бир айга созулат

15 Бештин айы 2020 10:41 Бишкек Govori.TV

Үгүт иштерин жүргүзүүдө талапкерлер, жана алардын өкүлдөрү «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» конституциялык мыйзамынын талаптарын так аткаруу менен жүргүзүү керек. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо маалымдоо жана үгүттөө эрежелери жөнүндө коомдук диалог учурунда билдирди.

Анын айтымында, БШК тиешелүү мамлекеттик органдар менен талапкерлерге бирдей шарт түзүү үчүн иш алып барат.

«Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерди каттоону аяктады. Бүгүн, 15-декабрдан баштап шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Үгүт иштерин жүргүзүүдө талапкерлер, жана алардын өкүлдөрү «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» конституциялык мыйзамынын талаптарын так аткаруу менен жүргүзүү керек. Ал эми шайлоо өнөктүгү 9-январь, саат 08:00гө чейин жүрөт. БШК тиешелүү мамлекеттик органдар менен талапкерлерге бирдей шарт түзүү үчүн иш алып барып жатат», — деди Бекматов.

Кошумчалай кетсек, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Количество просмотров: 62