Бала-Саруу ГЭСинин биринчи агрегаты декабрда ишке киргизилет. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев жыйын учрунда билдирди.
Анын айтымында, Талас облусунда жайгашкан Бала-Саруу ГЭСи 2023- жылдын жаз айында толук пайдаланууга берилет.
«22-декабрга энергетиктер күнүнө карата биринчи агрегатын ишке киргизебиз. Эмдиги жылы 1-апрелге чейин калган эки агрегатын бүтүрүп, Бала-Саруу ГЭСин толугу менен ишке киргизебиз», — деди ал.