• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бекмурзаева: Ааламдашуу доорунда аял затынын билимдүү болушун каалайм

11 Бештин айы 2022 11:56 Бишкек Govori.TV

9-10-11-декабрь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында сегизинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири Бишкек шаарынан келген 42 жаштагы Буажар Бекмурзаева.

«Математика жана информатика сабагынан мугалимин. Жогорку окуу жайда, мектепте сабак берип келем. Медиа сабаттуулук, жаңы технологияларды колдонуу  боюнча мугалимдерге дагы сабак берем. Аялдардын билимдүү болушун каалайм. Аял затынын сабатсыздыгын жоюп жардам бергим келет. Бул тренингден аудитория менен иштөөнү үйрөнүү, ар күн сайын билимимди жогорудатуу максатынды келдим», — деди ал.

Количество просмотров: 82