• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бекназаров: Атамбаев тууралуу айтканым Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө жаккан жок

7 Тогуздун айы 201914:39 Бишкек Govori.TV

Кыргыздарда эч качан өз башкаруучуларын соттошкон, камакка алышкан эмес. Бул тууралуу Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров билдирди.

Анын айтымында, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Сооронбай Жээнбеков жолугушуу учурунда Атамбаев тууралуу айткан сунушу колдоо тапкан эмес.

Акыркы жылдарда жаман адатка түшүп алдык. Биз эгемендикти алгандан бери адамды кайра тарбиялоо багытын унуттук. Тескеринче ким болбосун үй-бүлөсү менен жок кылабыз. Ушул саясатты оңдоп, Атамбаевден баштабайсызбы деген сунушумду айттым. Атамбаевди үй камагына чыгарып, ошол жактан жазасын алсын деген пикиримди Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн бирөөсү да колдогон жок ,-деди Бекназаров.

Количество просмотров: 95