• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бекназаров: Президент мага ар кандай кызматтарды сунуш кылып келет

7 Тогуздун айы 2019 12:43 Бишкек Govori.TV

Өлкө башчы Түркияга, Азербайжанга элчи болуп барууну сунуш кылган. Бул тууралуу саясатчы Азимбек Бекназаров бүгүн, 7-октябрда журналисттерге уюштурган маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, президент менен ушул жумада жолугуп, конституциялык реформага, кендерге байланышкан маселелерди талкуулагандан кийин Малайзияга элчи болуп барууга чечим кабыл алат.

Президент бир нече мамлекеттерге, анын ичинде Түркияга, Азербайжанга элчи болуп барууну сунуш кылган. Бирок мен туруктуу элдик кеңештин мүчөсүмүн. Мен курултайда коюлган маселелерди аягына чыгармайынча эч жакка бара албасымды айттым, — деди Бекназаров.

Количество просмотров: 437