• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бекназаров Жээнбековдун бир жылдык президенттигине канааттандырарлык деген баа берди

24 Жетинин айы 2018 11:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.11.2018.Govori.TV.

Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайында Азимбек Бекназаров чыгып сөз сүйлөп, анда президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишине саясий баа берип жатып эки маселеге токтолду.

Биринчиден кыргыздын «суу ичкен булагыңа түкүрбө»-деген макалды эске салуу менен, экинчи тараптан караганда КСДП га көз каранды жетелеме президент болбой, эркин элдик президент болууга жетишти. Жалпысынан алганда Азимбек Бекназаров Президенттин бир жылдык ишине канааттандырарлык деген баа берди.

Ушуну менен катар эле Азимбек Бекназаров кыргыз паспортуна токтолуп жатып, Аскар Акаев өлкөнү башкарып турган кезде Кыргызстанды жалпы үйгө айландыргысы келген мамлекет бүгүнкү күндө «саясий сойкулардын» өлкөсүнө айланып калды деген пикирин айтты.

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров камакка алынгандардын маселесин көтөрдү.

Ал, Атамбаевдин убагында саясий туткунга кабылгандардын иши кайра каралышы керек» деген оюн айтты. 2010-жылы бийлик алмашканда бир катар саясатчылардын иши кайрадан каралып чыкканын белгилеп, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылды.

Количество просмотров: 28