• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Албек Ибраимов: Атамбаевди сатпайм

23 Бештин айы 2019 11:02 Бишкек Govori.TV

Соттук отурумда Албек Ибраимов сөз сүйлөдү.

«Мен мэр болуп турган убакта эле Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдарына карата тандоо башталган… Аны ким биринчи сатат. А мен ошондо эле айткам мен өзүмдүкүлөрдү сатпайм деп. Мен азыр да ал адам (А.Атамбаев) менен чогуу иштешкениме сыймыктанам. Мен бул иш атайы курулганы, саясий буйрутма экенин билгем. Өлкөдө 2жылдан бери эч кандай өзгөрүү көргөн жокпуз, бир гана жаш саясатчыларыбызды кармаганы эле болбосо башканы иш болгон жок. Эки жыл арасында кармалгандардын баары Атамбаевдин тарапташтары десек болот. Ал эми азыркы факты сурап гана олтурат. Журналисттер факты береби түшүнбөйм»,-деди Албек Ибраимов.

Сөзүнүн аягында мурунку мэр бул мезгил да өтүп кетээрин айтып, аларга берген жаза мөөнөтү бат эле өтүп кетээрин себеби адамдар анчалык көп жашабаарын кошумчалап өттү.

Эске салсак, Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Кошумчалай кетсек прокуратура тарабынан Албек Ибраимовго 20 жыл эркинен ажыратуу сунушун келтиришкен

Количество просмотров: 5511