• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Бексултан Жакиевдин байбичеси Сабира Турсункулова каза болду

27 Чын куран 202121:44 Бишкек Govori.TV

Эл Баатыры Бексултан Жакиевдин байбичеси Сабира Турсункулова бүгүн, 27-апрелде каза болду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Сабира Турсункулова ардактуу эс алууга чыкканча аталган министрликтин экономика бөлүмүндө эмгектенген.

Кыргыз адабиятынын, искусствосунун, маданиятынын алпы Бексултан Жакиев 25-апрелде 85 жашында дүйнө салган.

26-апрелде маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган эле.

Жубайы Сабира Турсункулова менен 65 жыл чогуу өмүр сүрүп, эки уул, бир кызды тарбиялашкан.

Количество просмотров: 4953