Маркум Кыргыз Эл баатыры, Эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиевдин жубайы Сабира Турсункулованын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маркум менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 28-апрелде саат 09:00дө Токтогул-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүндө болот.
Өмүр баяны:Сабира Турсункулова 1937-жылдын 10-мартында Талас облусунун Талас районуна караштуу Көк- Ой айылында туулган.1956-1961-жылдары Кыргыз Мамлекеттик университетинин экономика факультетинин аяктаган.Эмгек жолун 1961-жылы Маданият министрлигинде экономикалык пландоо бөлүмүндө экономист, жетектөөчү адис катары баштап, 2016-жылга чейин бир кызматта үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Маркум Бексултан Жакиев менен 65 жыл бактылуу өмүр сүрүп, татыктуу уул кыздарды тарбиялап, улуу инсандын жан шериги болду. Бексултан Жакиев мындан 3 күн мурун, тагыраагы 25-апрелде каза болгон. Ал эми жубайы Сабира Турсункулова 84 жашында 27-апрелде дүйнө салды.