• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Беларусия Үсөновду берүүдөн баш тартты.4 жаштагы бала сууга чөгүп каза болду. Соңку жаңылыктар 31.07.18

31 Теке 2018 16:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 31.07.2018Govori.TV

Беларусия Үсөновду берүүдөн баш тартты

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мурдагы премьер-министр, азыр издөөдө жүргөн Данияр Үсөнов боюнча комментарий берди. «2017-жылдын 14-декабрында Кыргызстандын башкы көзөмөл органы Беларустун Башкы прокуратурасына Даниил Урицкий деп анкеталык маалыматтарын өзгөртүп алган Данияр Үсөновду издөө жана кармоо боюнча өтүнүч жөнөткөн. 2018-жылдын 6-мартында Беларустун Башкы прокуратурасы кыргыз тараптын өтүнүчүн четке каккан. Бирок Башкы прокуратура бул боюнча иш жүргүзүүнү улантууда» деп айтылат мекеме тараткан маалыматта. Беларус медиасы 27-июлда Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдө жүргөн Данияр Үсөновго коёндой окшош кишинин сүрөттөрүн жарыялаган. Сүрөттөр “Беларус улуттук биотехнология корпорациясы” (БНБК) жабык акционердик коомуна өндүрүш жайларынын курулушун расмий баштоо аземинде тартылган. Анда Үсөновго окшош киши өзүн Даниил Урицкий деп тааныштырып, бирикменин директору болорун билдирген.

Өзгөндүн Көлдүк айылында 4 жаштагы бала сууга чөгүп кетти

Өзгөн районунун Көлдүк айылындагы каналга 4 жаштагы Т.Т.аттуу бала чөгүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык 30-июль күнү түнкү саат 21:47 чамасында болгон.Кырсык болгон жерге министрликтин куткаруучулары тартылып, издөө иштеринин натыйжасында наристенин жансыз денеси саат 22:50дө табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Аламүдүн районундагы Скрябин мөңгүсүндө жабыркагандар эвакуацияланды

Аламүдүн районундагы Скрябин мөңгүсүндө каза болгон адам менен эвакуацияланды. Маркумдун сөөгүнө жана жабыркагандарга барган Казакстандын тик учагы бүгүн, 31-июлда саат 10:03тө Бишкек шаарындагы «Манас» эл аралык аэропортуна конду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.Белгилей кетсек, кечээ, 30-июлда Аламүдүн районундагы Скрябин мөңгүсүнө чыгып бара жатып жаракат алган туристтердин бири каза болду.

Количество просмотров: 6